​ЖЭБ модернизациясы боюнча сот: Күбөлөр суралууда

  • 5 лет мурун

Бишкек шаарынын Свердлов районунда Бишкек Жылуулук электр борбору боюнча сот отуруму уланууда.

Бул кылмыш ишиндеги 90 күбөнүн 20 чактысы суралып бүттү.

Финансы министринин мурдагы орун басары Мирлан Байгончоков суракта Минфин Кытайдын “Эксимбанкынан” ЖЭБ модернизациясы үчүн 386 млн доллар кредит алууга өтүнүч бергенин тастыктады.

“2013-жылы Минфин менен Кытайдын “Эксимбанкынын” ортосунда Кыргызстанга 386 млн доллар кредит берүү боюнча макулдашууга кол коюлган.

Минфин муну өкмөттүн тапшырмасы менен жасаган. 2014-жылы 25-апрелде “Электр станциялары” менен Минфиндин ортосунда рекредиттөө боюнча келишимге кол коюлган. Бул документке өкмөттүн токтомунун негизинде кол коюлган” деп айтты Байгончоков.

“Эксимбанктан” ЖЭБ модернизациясы боюнча кредит алуу үчүн өтүнүчтү Минфин президенттик аппараттын тапшырмасы менен берген. Арыз 2013-жылдын 14-июнунда берилген” деди ал.

Дагы бир күбө –финансы министрлигинин кызматкери Азамат Садыгалиев Минфин “Эксимбанкка” өтүнүчтү президенттик аппараттын тапшырмасы менен бергенин билдирди.

Ал ошондой эле подрядчыны Кытай тарап тандаганын кошумчалады.

Тергөө ЖЭБ модернизациясы боюнча Кытайдан алынган 386 миллион доллар каражатты пайдаланууда коррупцияга жол берилген деп эсептейт.

Сот 28-февралдан бери болуп жатат.

ЖЭБге байланыштуу экс-премьерлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев, “Энергохолдинг” компаниясынын башчысы Айбек Калиев, “Электр станциялар” ишканасынын мурдагы башчысы Салайдин Авазов, “Энергохолдинг” башчысынын орун басары Жолдошбек Назаров, Темирлан Бримкулов, финансы министри Ольга Лаврова айыпталып жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты