Казакстан Өзбекстанга электр энергиясын экспорттой баштады

  • 5 лет мурун

Быйыл жыл соңуна чейин Казакстан Өзбекстанга 1 миллиард киловаттсаат электр энергиясын экспорттойт.

Бул тууралуу Казакстандын Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, коңшу өлкөгө электр энергиясын жеткирүү июндун аягында башталып, 17-июлга чейин 145 млн киловатт-саат экспорттолгон.

Өзбекстанда электр энергиясына болгон суроо-талап 69 миллиард киловатт-саатты түзсө, өлкөдөгү жылуулук жана гидроэлектр станциялары 64 миллиард киловатт-саат энергия өндүрүшөт.

Эксперттердин божомолуна караганда, 2030-жылга өлкөдө электр энергиясына болгон суроо-талап 117 миллиард киловатт саатка жетет.

Өзбек бийлиги электр тартыштыгы көйгөйүн атомдук электр станциясын куруу менен чечүүнү көздөп жатат.

Ошол эле маалда айрым жергиликтүү адистер менен социалдык түйүн колдонуучулары өлкөдө АЭС курулушуна каршы пикирлерин билдирип келишет.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты