​Кафедеги өрттөн төрт киши түтүнгө ууланган

  • 5 лет мурун

Бишкектеги «Али хан» кафесиндеги өрттөн төрт киши түтүнгө ууланган.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Бир киши ооруканага жатуудан баш тарткан, калган үчөө №4 шаардык ооруканага жеткирилген. Алардын абалы туруктуу.

Кечээ, 17-июлда, Бишкек шаарында, Жаш гвардия бульварында жайгашкан «Али хан» кафесинен өрт чыккан. Өрттүн кесепетинен «Али хан» кафесинин, «Асема» сулуулук салонунун жана «Портфель» дүкөнүнүн жалпы 780 м2 чатыры күйгөн.

Өрттүн себеби такталууда.

Сүрөт: ӨКМ басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты