​Бишкек мэриясы суунун баасын көтөрүүнү сунуштады. Буга сиз макулсузбу? (Сурамжылоо)

  • 5 лет мурун

Бишкек шаарынын мэриясы эмне себептен суунун баасы көтөрүлө турганын түшүндүрдү.

Шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, «Бишкек суу канал» ишканасынын чыгымы өстү.

Ишкананын кирешеси негизинен суу менен камсыздоого жана суу бөлүштүрүүгө көрсөтүлгөн кызмат көрсөтүүдөн турат.

Сунун баасынын акыркы жолу көтөрүлгөнүнөн бери чыгымдар көбөйдү, материалдар, сууну жана түтүктөрдү тазалоодо пайдаланчу реагенттердин, күйүүчү-майлоочу майдын баасы өстү.

Магистралдык суу түтүктөрү жана канализациялык коллекторлор акыркы мүмкүнчүлүгү менен иштеп жатат. Алардын 75 пайызы иштен чыгып, дээрлик баары эле тезинен алмаштырууну, оңдоп-түзөөнү талап кылууда

Калкка суунун баасы 1 миң литр таза сууга — 5, 38 сом. Ал эми ал суунун өзүнө турган наркы — 8 сомдон ашык.

«Бишкек суу каналы» салыкты, материалдар менен жабдууга, айлык акыга акчаны төлөй албай жатат. 1-июнга карата ишкананын карызы 105,2 млн сомду түзөт.

Бишкек мэриясы калкка 1 кубметр таза сууну 1,5 эсе (5,38 сомдон 8,1 сомго) көтөрүүнү сунуштап жатат.

Мындан тышкары бюджеттик мекемелердин тарифи да жогорулаганы турат -7,38 сомдон 9,1 сомго (1,23 эсе) жана башка керектөөчүлөрдүкүн 9,15 сомдон 13 сомго (1,4 эсе) көтөрүүнү сунуштоодо.


Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты