​Кечиккен сапардын чоң үмүтү

Бүгүн, 18-июлда, Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанга расмий сапар менен келген Корея Республикасынын премьер-министри Ли Нак Ён менен жолугушту.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда эки тараптуу кызматташуунун келечеги талкууланды.

«Бул — кийинки 28 жылда, биздин өлкөлөрдүн ортосунда дипломатиялык мамилелер түзүлгөндөн берки Корея Республикасынан келген жогорку даражалуу меймандын биринчи жолку сапары. Бул сапар эки өлкөнүн ортосундагы достуктун бекемделишин жана өз ара карым-катнаштын активдешүүсүн шарттайт деп ишенем» деди Президент.

Ал кыргыз жана кореялык 200 дөн ашуун бизнес өкүлдөрү катышкан бизнес форумдун ишин канаттануу менен белгилеп, келечекте ал жакшы натыйжасын берерине ишенгендигин кошумчалады.

Сооронбай Жээнбеков корей тарапка өлкөдөгү социалдык-экономикалык долбоорлорду ишке ашырууга көмөк көрсөткөндүгүнө ыраазылык билдирди.

Айрыкча Корея эл аралык кызматташтык агенттигинин (КОИКА) салымын айта кетүүгө болот. Кореянын Кыргызстанга берген гранттык жардамы бүгүнкү күндө 42 млн АКШ долларынан ашат.

Кореянын премьер-министри Ли Нак Ён эки өлкөнүн ортосундагы дипломатияык мамилелер орногондон бери биринчи ирет расмий сапар менен келген Кореянын биринчи өкмөт башчысы экенин билдирди.

«Бул сапар кичине кечигип калды, бирок биз эки тараптуу мамиленин өнүгүшүн тездетүүгө чон салым кошобуз» деди Ли Нак Ён.

Корея Кыргызстанга билим берүү, административдик башкаруу жана айыл чарба технологиясын өнүктүрүүгө 7 млн АКШ долларын бере турганын өлкөнүн премьер-министри айтты.

Мындан ары өкмөттүк деңгээлде гана эмес, бизнес структуралар да кызматташарына үмүттөнгөнүн билдирди.

Кореянын премьер-министри Ли Нак Ён Кыргызстанга 17-июлда расмий сапар менен келген.

Ал Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугушту жана бизнес форумдун ишине катышты.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты