Ангела Меркель айымды Сооронбай Жээнбеков туулган күнү менен куттуктады

  • 5 лет мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков 17-июлда Германиянын федералдык канцлери Ангела Меркелди туулган күнү менен куттуктады.

Куттуктоо телеграммасында мындай деп айтылат:

«Сиз кыргыз-герман кызматташтыгын өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө чоң салым кошуп келе жатасыз. Тажрыйбалуу дүйнөлүк лидер катары Европа континентинде гана эмес, бүткүл дүйнө жүзүндө тынчтыкты жана өсүп-өнүгүүнү камсыз кылууда Сиздин кошкон жеке салымыңыз баа жеткис».

«Германияга болгон сапарымдын учурунда биздин жолугушууну жылуу сезим менен эстейм. Биздин эки өлкөнүн ортосундагы мамилелер мындан ары дагы конструктивдүү жана достук маанайда өнүгө берерине ишенем. Бул үчүн эки тараптуу карым-катнаштардын бардык механизмдери бар жана тиешелүү шарттар түзүлгөн».

Президент Сооронбай Жээнбеков Германия Канцлери Ангела Меркелге бекем ден соолук, бакубатчылык жана жогорку мамлекеттик кызматта мындан аркы ийгиликтерди каалады.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты