​Кыргызстандагы жана Грузиядагы туризм: сандан сапатка

Туризм тармагын мындан ары өнүктүрүү үчүн сандан сапатка өтүп, көбүрөөк төлөнүүчү рынокко которулуу керектигин эки өлкөнүн тең эксперттери белгилешет. Бул макала алгач Cabar.asia аналитикалык порталында жарык көргөн.

Кыргызстан өлкөдөгү туризм тармагын өнүктүрүү үчүн жыл сайын бир катар чараларды көрүп келет. Бул тармактан жакшы мүмкүнчүлүктөр гана эмес, Кумтөр сыяктуу гигант тоо-кен ишканаларына альтернативдүү тармакты көрүүгө болот.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда дүйнөнүн 45 өлкөсү үчүн визасыз режим иштейт. Ал эми калган өлкөлөр үчүн 2017-жылы электрондук виза ишке кирген – тагыраак айтканда, чет өлкөлүктөр үчүн элчиликке жана консулдуктарга кайрылбай туруп интернет аркылуу виза алуу мүмкүнчүлүгү түзүлгөн.

Ушул жылдын башында өкмөттүн туризмди өнүктүрүү боюнча 2019-2023-жылдарга карата программасы бекитилген, аны менен катар эле “Кыргызтуризм” мамлекеттик ишканасы түзүлгөн. Жаңы түзүлгөн ишканага туризм тармагындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу, мамлекеттин менчигиндеги санаториялык-курорттук объектилерди рационалдуу пайдалануу милдеттери жүктөлгөн.

«Кыргызтуризм» туризм тармагында жана маркетинг боюнча инвестицияларды тартуу менен алектенет. Биринчи жолу туристтик тармакты өнүктүрүү үчүн 50 млн сом (717,5 миң доллар) бөлүңдү. Ага чейин туризмге жылына болгону 7-8 млн сом (100-115 миң доллар) бөлүнчү.

Туризм сандардын тили менен

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына караганда, 2018-жылы туризм тармагына карата кошумча дүң баасы 27 млрд сом (387,5 млн доллар) же ИДПнын 5%ын түзгөн.

Кыргыз өкмөтү 2023-жылга карата туризмдин ИДПга болгон үлүшүн 5%дан 10%га көтөрүүнү тапшырма койду.

Туристтердин санын дагы көбөйтүү пландалууда. Бирок, аларды эсептөө ыкмаларында сандар ар кандай болууда. Мисалы, Улуттук статистикалык комитет туристтердин санын ээленген керебеттердин саны боюнча эсептейт. Бул мекеменин маалыматына караганда, 2018-жылы 1,4 миллион адам Кыргызстанга эс алганы келген болсо, анын 64%ы (900 миң адам) Ысык-Көлгө келген. Болжол менен ушунча эле адам 2017-жылы дагы келген.

Бирок, Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы туризм департаменти мындай эсеп менен макул эмес. Бул мекеме чек арадан кирип, Кыргызстандын аймагында 6 сааттан ашык болгон чет өлкөлүктөрдүн саны боюнча эсептейт.

“Департамент туристтерди эсептөө менен алектенбейт. Биз чек ара жана салык кызматтарынан маалыматтарды алабыз. Бул дүйнө жүзү карманган Дүйнөлүктуризм уюмунун сунушу”, — дейт департаменттин жетекчиси Максат Дамир уулу.

Бул мекемени буга чейин жетектеп келген Максат Чакиев дагы ушул ыкма менен макул.

“Ушул ыкма туура. Бир өлкөдө алты сааттан ашык турган чет өлкөлүктөр кызматтардан пайдалана баштайт: таксиге төлөп, тамак-аш сатып алып, тагыраак айтканда, турист болуп калышат” дейт ал.

Минтип эсептегенде, Кыргызстанда эс алган чет өлкөлүктөрдүн саны беш эсеге көп болуп чыгат.

Сандан сапатка

Туризм департаментинин мурдагы жетекчиси Максат Чакиевдин пикиринде, Кыргызстан сандан сапатка өтүүгө жана туристтер көп акча калтыра турган тармактарга көңүл буруу зарыл.

“Элиталык тармак болуп саналган тоо жана медицина туризмин өнүктүрүү зарыл. Ал жакта бир турист пляжда жаткан 10 турист калтырган акчаны калтырып кетет”, — дейт ал.

Чакиевдин белгилегенине караганда, башка өлкөлөр сыяктуу эле Кыргызстандын туристтик потенциалы жогору. Бирок, анын өнүгүүсүнө тоскоол болгон бир катар негизги факторлор бар. Эксперттин айтымында, ал өлкөнүн жакшы таанымал эместиги, инфраструктуранын өнүкпөгөнү жана бирдиктүү мамлекеттик продукттун жоктугу.

“Биз Жибек жолу жана экотуризм катары дүйнөлүк деңгээлге чыксак болот. Бирок азырынча бул ишке аша элек, ишкерлер жер-жерлерде гана иштеп жатат. Өлкөдөгү инфораструктура бирдей өнүккөн эмес, негизинен бул Бишкек менен Ысык-Көл району (облусу дагы эмес) жана Каракол. Өлкө жакшы таанымал эмес: кайсы бир туристтик продуктылар аягына чейин иштелип чыккан эмес. Өлкөнүн деңгээлинде бирдиктүү продукты жок” дейт Чакиев.

Максат Дамир уулу болсо Кыргызстанда туристтик тармакты өнүкүрүү үчүн комплекстүү иш алып барыш керек деп эсептейт: түз авиакаттамдардын санын көбөйтүү, визасыз өлкөлөрдүн санын көбөйтүү, маркетинг менен иштөө жана инфраструктураны жакшыртуу.

“Өлкөгө туристтерди тартуу үчүн маркетинг менен иштеш керек, тейлөө үчүн – багыттоочу белгилерди орнотуп, инфраструктураны, тейлөөнү, жолдорду жакшыртып”, — дейт туризм департаментинин башчысы.

КРнын өнмөтүнүн туризмди өнүктүрүү боюнча 2019-2023-жылдарга карата программасында өлкөдөгү туризм инфраструктурасында төмөнкү көйгөйлөр бар:

Инфраструктуранын өнүкпөгөнү;
Туристтик объектилерге алып барчу жолдордун сапатынын начардыгы;
Мамлекеттик салымдын жетишсиздиги;
Англис тилиндеги геобагыттоочу белгилердин жоктугу;
Туристтик объектилерге жана каттамдарга GPS-система навигациянын жоктугу;
4 жана 5 жылдыздуу мейманканалардын жетишсиздиги;
Сервистин эл аралык стандарттарга жооп бербеши;
Түз авиакаттамдардын аздыгы;
Кадрларды даярдоонун деңгээлинин төмөндүгү.

Грузин керемети

Грузиянын брбору Тбилисиде жаздан бери туристтердин агымы башталды. Бул шаар өзүнүн колоритиндеги имараттары, креативдүү мекемелери жана ар кайсы доордогу архитектуралары менен мактанат.

Тбилиси, Батуми, Боржоми, Сигнахи, Телави, Кутаиси… бул тизмени дагы да уланта берсе болот. Грузин шаарларына тартылууга бир нече себептер бар: эс алуунун көп түрдүүлүгүнөн баштап кымбат эмес бааларга чейин деп эсептейт Грузиянын туризм департаментинин мурунку жетекчиси, Caucasus Travel компаниянсынын негиздөчүсү Саба Кикнадзе.

“Деңиз, тоолор, маданий мурастар, тамак, вино жана климат – булардын баары биригип Грузияны популярдуу кылып турат.Анан дагы баалардын туристтер үчүн көп кымбат эместиги дагы маанилүү ролду ойнойт” дейт Кикнадзе.

Анын айтымында, чет өлкөлүктөр үчүн туристтик зоналардагы инфраструктура маанилүү, грузин туристтик тармагын өнүктүрүүдө бул нерсе чоң роль ойноду. Бирок, маданий мурастар жана жергиликтүү элдин меймандостугу андан дагы маанилүү дейт эксперт.

“Өлкөнүн ар бир чекитинен 10 чакырымдык радиусунан сиз сөзсүз түрдө архитектуралык эстелик, даамдуу тамактануучу жай жана жагымдуу музыкасы бар жер таба аласыз” дейт ал.

Өлкөдөгү туризмди өнүктүрүү боюнча Грузиянын туризм боюнча улуттук администрациясы алектенет.

Ачык булактардагы маалыматтарга караганда, бул өлкө 2015-жылы ал 26 эл аралык жана ички туристтик жарманкелерге катышкан, тогуз максаттуу рынокто маркетингдик кампанияларды жана 64 жолу пресса үчүн атайын сапарларды уюштурган.

Бул жылы Грузияда туризмди өнүктүрүү үчүн 19,5 миллион долларга жакын каражат бөлүнгөн. Туристтердин ыңгайлуулугу үчүн өзгөчө тарыхий жана маданий жерлерге алып баруучу жолдорду оңдоп, атайын көңүл буруу пландалууда. Андан сырткары бийлик туризмдин медициналык, спорттук, вино сыяктуу башка тармактарын өнүктүрүүгө бел байлап жатат.

Мамлекет бул өлкөнү төрт мезгилде тең эс алууга ыңгайлуу боло турган өлкөгө айлантууну пландап жатат. Бүгүнкү күндө көп туристтер Грузияга жай жана күз мезгилдеринде келишет. Жергиликтүү ишкерлер туристтик сезондун учурунда иштеп тапкан каражатына жашашат. Ошондуктан, бийлик өзүнө дайыма туристтик тармакта иштеп жаткандар үчүн туруктуу киреше түзүп берүү үчүн өлкөнүн кышкы курортторун өнүктүрүү тапшырмасын койду.

Рекорддук сандар

2018-жылы бул өлкө рекорддук көрсөткүчтөргө жетти – туристтердин саны 8,6 миллионго жетти. Бул эки жыл мурдагы көрсөткүчкө караганда 25,5%га көп. Өлкөдө ИДПдагы туризмдин үлүшүндө туруктуу өнүгүүнү байкоого болот.

Грузияда туристтердин саны дагы Дүйнөлүк туризм уюмунун сунушу менен саналат – чек араны кесип өткөн бардык туристтер эсептелет. Грузияга келген коноктордун саны Армения менен Азербайжанга караганда 5-6 эсе көп.

Грузин университетинин профессору Нико Кварацхелия муну Грузиядагы туризм тармагынын көп түрдүүлүгү менен байланыштырат. Кышында болсо туристтерди тоо-лыжа спорту жана асма жолдор кызыктырат. Ал эми жайында болсо Кара деңиздин жээгинде эс алуу кызыктуу.

“Ал эми жолдор боюнча айта турган болсок, өлкө бул көйгөйдү 80%га чечкен. Темир жол транспорту калыбына келтирилген, Тбилиси-Батуми каттамында жогорку ылдамдыктагы комфорттуу эки кабаттуу поезддер каттап турат. Бул абдан ыңгайлуу”,- дейт Кварацхелия.

Туристтер эң көп баргысы келген Тбилиси менен Батуми шаарларында бир катар бренд мейманканалар иштейт, алардын көпчүлүгү Батышка таандык. Алардагы тейлөөнүн сапаты эл аралык стандарттарга туура келет жана жергиликтүү мейманканаларга караганда кымбат, бренд болгон үчүн рекламага акча коротуунун кереги жок.

“Андан сырткары биз эркин туристтик аймактарды түздүк: Кара деңиздин боюна 1 млн лариден кымбат турган (356 миң доллар) мейманкана курган жеке ишкерлер салыктардан бошотулган. Бирок, азырынча биз күткөндөн инвесторлор азыраак. Бүгүнкү күндө Кара деңиздин боюндагы эң ири мейманканаларда 200-300 орундугу бар. Бул жетишсиз. 1000 орундуу мейманканалар курулушу зарыл”, — дейт Кварацхелия.

Грузиядагы туризмди өнүктүрүү үчүн үч жолу Туризмди өнүктүрүү концепциясы кабыл алынган. Акыркысы жергиликтүү жана эл аралык эксперттердин катышуусу менен 2018-жылы кабыл алынган. Анын иштөө мөөнөтү 2025-жылга чейин. Ошондой болсо дагы эксперттердин айтымында, грузин туризминин мүмкүнчүлүгүнүн аз гана бөлүгү ишке ашкан.

“Бизде курорттук, тоо жана саламаттыкты сактоо туризминин потенциалы чоң. Эми кымбатыраак төлөгөн рынокко которулуу, сандан сапатка өтүү зарыл. Мисалы, ошол эле Мальдивы Турцияга караганда 1000 туристтен 3-4 эсеге көп киреше алат”, — дейт Кикнадзе.

2017-жылы Грузия туризмден 2,7 млрд доллар киреше алган. Кыргызстан болсо, Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына караганда, ошол эле жылы 418 млн доллар алган.

Асель Сооронбаева

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты