Бишкекте кафеден өрт чыкты
- 5 лет мурун
Бишкекте «Али-Хан» кафесинен чыккан өрт саат 17:16 да чектөөгө алынган. Учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Бүгүн, 17-июлда, Жаш Гвардия бульвары менен Пушкин көчөлөрүнүн кесилишиндеги “Али хан” кафесинен өрт чыккандыгы тууралуу 16:25 чамасында маалымат түшкөн.
Өрттү өчүрүүгө жалпы 4 бөлүм, штаб тартылган. Мындан сырткары ИИМден 10 кызматкер, Бишкек мэриясынан суу ташуучу унаа тартылган.
Муну бөлүшүү