​Кыргызстандыктарды чет өлкөгө жумушка орноштурган эки компания лицензиясы жокко чыгарылды

Кыргызстандыктарды чет өлкөгө жумушка орноштуруучу “Амасса” жана “Тагай” ЖЧКсынын лицензиясы Миграция кызматы тарабынан жокко чыгарылды.

Бул тууралуу Миграция кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Миграция кызматына Тышкы иштер министрлигинен Ж.С. аттуу жарандын кайрылуусу келип түшкөн. Анда Түркиянын Мармарис шаарына “Мартини Резорт отель” отелине арыз ээси жана дагы 17 киши “Амасса” ЖЧКсы тарабынан жумушка орноштурулгандыгы, бирок фирма келишимдеги шарттарды аткарбагандыгы айтылат.

Түркияда жумушка орношкондон кийин келишимдеги шарттар аткарылбай, аларды 14 сааттан иштетишкен.

Жумушка орноштурган фирма иштегендердин дооматтарын уккандан кийин аларды башка отелге орноштурган. Ал жакта да шарттар талаптагыдай болгон эмес.

Жумуш издегендер өз алдынча башка жумуш издөөгө аргасыз болушкан.

Ошондой эле “Тагай” ЖЧКсы да Болгарияга кыргызстандыктарды жумушка орноштуруу менен алектенген.

Ал компания жумушка орноштурганы үчүн ар бир кишиден 30 миң сомдон алып турган. З.К. аттуу жаранды алар Болгариядан жумушка орноштура алган эмес, жумушка орноштуруу акысы үчүн төлөгөн акчасын да кайтарган эмес.

Териштирүүнүн жүрүшүндө аталган эки фирманын тең учредители бир эле киши, Н. Мусабеков аттуу жаран болып чыккан. Ал кыргызстандыктарды чет өлкөгө жумушка орноштуруу боюнча уруксат кагазында туура эмес маалыматтарды берген.

Бул жагдайларды териштирүүдө “Амасса” жана “Тагай” ЖЧКсынын лицензиясы Миграция кызматы тарабынан жокко чыгарылды.

Алардын иши Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматына, ошондой эле Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциясына өткөрүлүп берилди.

Чет өлкөгө жумушка орноштурган фирмалардын мыйзам бузуулары боюнча Миграция кызматы бул телефондорго чалууну өтүнөт: Миграция кызматынын маалыматтык-консультациялык борбору, тел. : +996 312 64 17 14 или

Шыр жардам линиясы «1977» , «1899».

Сайт http://oec.kg/

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты