​Кореянын премьер-министри расмий сапар менен келди

  • 5 лет мурун

Корея Республикасынын премьер-министри Ли Нак Ён расмий сапар менен Кыргыз Республикасына келди.

Бул тууралуу Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо кызматы кабарлады.

«Манас» эл аралык аэропортунда аны премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тосуп алды.

Аэропорттогу расмий жолугушууда ардак кароолдун ротасы тизилип, оркестр эки өлкөнүн мамлекеттик гимндерин аткарды.

Корея премьер-министринин келиши учурунда 50дөн ашуун корея компаниясынын катышуусунда кыргыз-корея бизнес-форуму, «В2В» жолугушуулары болмокчу.

Тараптар бир катар тармактар боюнча маселе талкуулашат.

Сүрөт: Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты