​Баткен облусунда 6 баллга жеткен жер титирөө катталды

  • 5 лет мурун

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, кечээ, 16-июлда, саат 16:45те Баткен облусунун аймагында очогунда күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кадамжай районунун Сары-Өтөк, Совет, Кызыл-Коргон айылдарында — 5 балл, Баткен жана Кадамжай шаарларында – 4 балл жана Кызыл-Кыя шаарында – 3 баллга чейин сезилген.

Алдын — ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты