​Ысык-Көлдө скутер минип дайынсыз кеткен казакстандыкты издеп жатышат

  • 5 лет мурун

Ысык-Көлдө скутер тээп жүрүп дайынсыз кеткен казакстандык жаранды издөөгө 12 кеме, 81 куткаруучу, ИИМден 167 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 32 киши тартылды.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүн, 16-июлда, 81 куткаруучу, ИИМден 167 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 32 киши тартылып, моторлуу кайык менен издеп жатышат.

Андан сырткары Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгы тарабынан менчик кеме ээлерине багыттоо берилип, 12 кеме издөө иштерине көмөктөшүүдө.

14-июлда Кара-Ой айылынын «Алтын-Көл» эс алуучу жайында эс алып жүргөн Казакстандын 1966-жылы туулган М.А. аттуу жараны скутер айдап кетип дайынсыз жоголгон.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты