Президент Сооронбай Жээнбековдун портрети менен ойногон эки кызматкер жазаланат (Видео)

оциалдык тармактарда кечээтен бери Президент Сооронбай Жээнбековдун портрети менен тамашалашып ойногон мамлекеттик кызматкерлер тууралуу видео тарап жатат. Видео тасмадагы кызматкерлер кечирим сурады. Аларды мэрия жазалай турганын билдирди.

Тасмада эки мамлекеттик кызматкердин Сооронбай Жээнбековдун портрети менен ойноп, «Чык эшикке!» деген сөздөрдү бири-бирине айткандарын угууга болот. Алардын жанында дагы бир кызматкер болгон.

Акырында алардын бири экинчи кызматкерди Президент Сооронбай Жээнбековдун портрети менен тап берип ойногон.

Кийинчерээк Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы эки кызматкер кечирим сурап жаткан видеону жарыялады.

«Урматтуу коомчулук! Бүгүнкү кетирген кемчилигибиз үчүн кечирим сурайбыз, уят нерсе болду. Урматтуу Сооронбай Шарипович, сизден дагы кечирим сурайбыз. Биз андай ойдо кылган эмеспиз сөздүн ачыгы. «Обед» учурунда болгон. Кесиптешим экөөбүз кабинетте олтуруп, портреттин жиби үзүлүп калгандыктан байлап коелу деп алган элек, ошондон эле чыгып кетти, — деди алардын бири.

Тасмадагы экинчи кызматкер да кечирим сурады:

«Урматтуу коомчулук! Биздин уят нерсебизден кечирим сурайбыз. Кечирип коюңуздар!» деди экинчиси дагы.

Биринчи вице-мэр Алмаз Бакетаев бул кызматкерлерди жазалоону тапшырды.

Алар Бишкек шаардык мэриясынын парктар жана унаа токтотуучу жайлар муниципалдык ишканасынын кызмкаткерлери экендиги белгилүү болду.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты