​Азимжан Аскаровдун соту 30-июлга жылдырылды

  • 5 лет мурун

2010-жылдагы кандуу окуяларга байланыштуу өмүрүнүн акырына чейин эркинен ажыратылган Азимжан Аскаровдун иши боюнча соттук отурум 30-июлда болот.

«Бир дүйнө — Кыргызстан» укук коргоо уюму анын иши Кыргызстандагы жазык мыйзамдарын декриминализациялоого байланыштуу Чүй облустук сотунда караларын билдирди.

Процесс алгач 16-июлга белгиленип, ишти карачу соттук коллегиянын курамы толук эмес болгондуктан, 30-июлга жылдырылган.

«Пробация институту тарабынан киргизилген жаңы жазык мыйзамдарына байланыштуу Кыргызстан жабык мекемелердеги оорулуулар, улгайгандар, аялдар, пенсионерлер жана балдар сыяктуу аялуу топтордун, өзгөчө муктаждыктагы камактагы адамдардын укуктарынын стандарттарын жана гумандуулуктун бийик принциптерин альтернативаларды колдонуу менен дүйнө жүзүнө көрсөтүшү керек», — деп айтылат «Бир дүйнө — Кыргызстан» тараткан билдирүүдө.

Жалалабаддык укук коргоочу Азимжан Аскаров «Базар-Коргондо 2010-жылдагы кандуу калабаны уюштурган» деген айып менен соттолуп, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган.

Азимжан Аскаровдун иши 2017-жылы БУУнун сунушу менен кайра каралган.

Чүй облустук соту «Аскаров улут аралык жаңжалды козутууга катышкан, Бишкек-Ош каттамынын 550-чакырымында мыйзамсыз жол тосууга аралашкан, ал жерде топтолгон эл куралсыз милиция кызматкерлерине каршылык көрсөтүп, он чактысы жеңил, ал эми Мыктыбек Сулайманов оор жараат алып, жаалданган адамдар кылмышын жаап-жашыруу максатында анын сөөгүн өрттөп жиберген» деп тапкан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты