Жаза аткаруу кызматында бейтапкана ачылды
- 5 лет мурун
Жаза аткаруу кызматында бейтапкананын ачылышына премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев катышты.
Бул тууралуу Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо кызматы билдирди.
Премьер-министр госпиталды жана бейтапкананы көрүп чыкты.
2019-жылы № 32 мекеменин (жатак колониясы) базасында бейтапкана жана госпиталды ачуу чечими кабыл алынган.
Бүгүн пайдаланууга берилген объекттин имараты 1981-жылы курулган, жалпы аянты 1840 чарчы метр 3 кабаттан турат. Курулуш иштеринин сметалык баасы – 17 млн 412,2 миң сом.
Кызыл Крест эл аралык комитети эмерек жана буюмдарды алууга жардам көрсөттү. БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулукка күрөш боюнча башкармалыгы менен кызматташуунун алкагында медициналык жабдуулар сатылып алынды.
Бейтапкана/госпиталь 15 миңге жакын бейтапка медициналык кызмат көрсөтүүгө эсептелген.
Сүрөт: Өкмөттүн маалыматтык кызматы.