Ворухта Кыргызстан менен Тажикстан президенттеринин жолугушуусу күтүлүүдө

  • 5 лет мурун

Эмомали Рахмондун Исфарадагы иш сапары 20-25-июлга белгиленген. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кабарлагандай, ал жерде Рахмон Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен жолугат.

Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы кабарлады.

Ворух айылдык кеңешинин төрайымы Мехринисо Рахматованын айтымында, жергиликтүү жашоочулар Тажикстан башчысын тосуу үчүн кызуу даярдык көрүшүүдө. “Биз үйлөрдүн тышын сырдап, жолдорду асфальттап жатабыз. Жашоочулар президенттин келишин чыдамсыздык менен күтүшүүдө. Бардык маселелер оң жагына чечилет деп үмүттөнөбүз”деди ал.

Ворух айылдык кеңешинин жашоочулары Эмомали Рахмондун келиши менен жер, суу талаш, чек араны мыйзамсыз кесип өтүү жана улут аралык келишпестиктер сыяктуу жаңжалдарга чекит коюлат деп ниеттенишүүдө.

Тажик-кыргыз чек арасынын узундузу 976 чакырымды түзөт, учурда алардын ичинен 504ү гана делимитация жана демаркацияланган. Чек ара сызыгы такталбагандыктан, маал-маалы менен жер, суу, чек араны кесип өтүү боюнча чыр-чатактар чыгып турат. Куралдуу кагылыштар болгон учурлар да бар.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты