​Эртең Жогорку сотто Текебаев менен Чотоновдун иши каралат

  • 5 лет мурун

Эртең, 16-июлда, “Ата мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен Өзгөчө кырдаалдар мурдагы министри, экс-элчи Чотоновдун иши Жогорку Сотто каралат.

Бул тууралуу «Ата Мекен» партиясынан билдиришти.

12-июлда, «Ата Мекен» саясий партиясы Президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жолдогон.

Кайрылууда «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге жана мурдагы министр Дүйшөнкул Чотоновго мурдагы бийлик тарабынан куугунтук болуп, алар каматылса, азыркы учурда да соттор Атамбаевдин таасиринен чыга албай жатканы белгиленген.

Орус бизнесмени жана экс-депутаты Леонид Маевскийдин көрсөтмөсү менен Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотонов коррупцияга айыпталып, 8 жылдан эркинен ажыратылган.

Россияда мамлекеттик Думанын мурдагы депутаты Леонид Маевскийди «Альфа-банк» ээлеринин бири Петр Авен менен Михаил Фридмандан 50 млн доллар опузалап доолады деп айыптап жатышат.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты