Казакстан менен бир катар документтерге кол коюлду

Казакстан премьер-министри Аскар Маминдин Кыргызcтанга расмий сапарынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду.

Бул тууралуу өкмөттун маалыматтык кызматы билдирди.

— «Элет Агрохолдинг» ЖЧК жана «Continental Agro Trade» ЖЧШ ортосундагы айыл-чарба продукциясын соода-сатык жаатында кызматашуу жана өз ара түшүнүү жөнүндө меморандум;

— «Хайтун» ЖЧК жана «Continental Agro Trade» ЖЧШ ортосундагы айыл-чарба продукциясын соода-сатык жаатында кызматташуу жана өз ара түшүнүү жөнүндө меморандум;

— «Дордой Базары» ЖЧК жана «Continental Agro Trade» ЖЧШ ортосундагы айыл-чарба продукциясын соода-сатык жаатында кызматашуу жана өз ара түшүнүү жөнүндө меморандум;

— АК «ЭСК «KazakhExport», ЖЧШ «AAEngineering Group» жана ЖЧШ «Глобал Джамгыр Майнинг» ортосундагы кызматташуу жөнүндө келишим (экспорттук жеткирүүлөрдү камсыздандыруу);

— «ДАМУ» «Ишкердикти өнүктүрүү фонду» АК менен «Кепилдик фонду» ААК ортосундагы өз ара түшүнүү жөнүндө меморандум;

— Мамлекеттик салык кызматы жана Казакстан Финансы министрлигинин Мамлекеттик кирешелер комитетинин ортосундагы эки тараптуу экономикалык кызматташуу жана салык башкаруу иш-аракеттер планы;

— Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлиги менен Казакстан Республикасынын индустрия жана инфраструктуралык өнүгүү министрлигинин ортосундагы инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу жаатында кызматташуу жөнүндө меморандум;

— VIII кыргыз-казак Өкмөт аралык кеңештин протоколу;

— 2012-жылдын 11-майындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын жарандарынын Казакстан Республикасынын аймагында жана Казакстан Республикасынын жарандарынын Кыргыз Республикасынын аймагында болуу тартиби жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол.

Сүрөт: Өкмөттүн маалыматтык кызматы.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты