​«Ата Мекен» партиясы Президент Жээнбековго кайрылды

  • 5 лет мурун

Бүгун, 12-июлда, «Ата Мекен» саясий партиясы Президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жолдоду.

Анда «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге жана мурдагы министр Дүйшөнкул Чотоновго мурдагы бийлик тарабынан куугунтук болуп, алар каматылса, азыркы учурда да соттор Атамбаевдин таасиринен чыга албай жатканы белгиленет.

Алдыда, 16-июлда, жаңы жагдайларга байланыштуу кылмыш иши сотто кайра каралары айтылып, Президентке минтип кайрылат:

«Сиз бир нече жолу эл алдында сот процесстерине кийлигишпей турганыӊызды айткансыз, ошондуктан, соттордун кандай чечим чыгарары Сизден көз каранды эмес.

Биз сиздин айтканыӊызга толук кошулабыз, бирок дале көз каранды сотторго көрсөтүлгөн чечимди эмес, акыйкат сот чечимин камсыздап беришиӊизди суранабыз» деп айтылат кайрылууда.

Орус бизнесмени жана экс-депутаты Леонид Маевскийдин көрсөтмөсү менен Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотонов коррупцияга айыпталып, 8 жылдан эркинен ажыратылган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты