​Сооронбай Жээнбеков Москва шаарына барды

  • 5 лет мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-июлда, Швейцарияга болгон расмий сапары аяктаганда бир күндүк иш сапары менен Москва шаарында болду.

Сапардын алкагында Сооронбай Жээнбеков Россиянын Президенти Владимир Путин менен жолугушканын Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Коомчулук мамлекет башчылары эмне тууралуу сүйлөшөрү тууралуу түкшүмөлдөп келген.

Президенттин басма сөз кызматы эки мамлекет башчыларынын кезектеги жолугушуусу, буга чейин салт болуп калгандай эки тараптуу форматта өткөндүгүн белгиледи.

«Сооронбай Жээнбеков жана Владимир Путин Россиянын Президентинин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын жыйынтыгында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча пикир алмашты».

«Ошондой эле соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда эки тараптуу актуалдуу маселелер жана ошондой эле Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Кеңешинин алдыда боло турган сессиясына даярдыктар талкууланды» деп билдирди.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты