Чек арадан тактай, коон, көмүр ж.б мыйзамсыз товар ташып келгендер аныкталды

  • 5 лет мурун

Кыргыз-казак арасында жайгашкан көзөмөл-өткөрмө пунктарына жакын жердеги транспорттук көзөмөл жана товарларды эсепке алуунун убактылуу пунктарынан жыгач материалдарын, коон, көмүр жана айнек идиштерди ташып келүүдө мыйзам бузулганын аныктады.

Бул тууралуу Салык кызматынын басма сөз кызматы кабарлады.

Алсак, «Ак-Тилек автожолу» көзөмөл өткөрмө пунктунда Россиядан 20 кубметр жыгач материал алып келген автомашина кармалган.

Жүк ташуучуда товарларды ташып келүү үчүн салыктык каттоо жөнүндө салык органынын маалымкаты жок болгон.

Ошол эле көзөмөл-өткөрмө пунктунан тиешелүү коштоочу документтерсиз 17,5 тонна айнек идиш жана 8 тонна көмүр ташып келүү фактысы аныкталган.

Мындан тышкары «Чалдыбар автожолу» көзөмөл-өткөрмө пунктунда 1 тоннадан ашуун коон ташып келе жаткан унаа кармалды.

Унаа ээсинде товарларды ташып келүү үчүн салыктык каттоо жөнүндө салык органынын маалымкаты болгон эмес.

Бул фактылар боюнча материалдар мыйзамга ылайык андан аркы иш-чараларды көрүү үчүн Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматына берилди.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты