Швейцариянын бизнес өкүлдөрү менен бир катар документтерге кол коюлду

  • 5 лет мурун

Президент Сооронбай Жээнбековдун Швейцарияга расмий сапарынын алкагында 10-июлда өткөн Швейцариянын ири бизнес өкүлдөрү менен жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

— КР Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттиги менен Швейцариянын Бириккен Соода палатасынын ортосундагы өз ара кызматташтык тууралуу документ;

— КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Туризм департаменти менен «Switzerland Tourism» улуттук маркетинг уюмунун ортосундагы өз ара түшүнүшүү жана туризм чөйрөсүндө кызматташтык;

— КР Саламаттык сактоо министрлиги, М. Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борбору менен Цюрих университети жана Цюрих университеттик госпиталынын ортосундагы респиратордук, ички жана бийик тоолуу медицина жана изилдөө чөйрөлөрүндө кызматташтык тууралуу документке кол коюлду.

Сүрөттөр: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты