Восточное айылында чыр суу талаштан чыккан
- 5 лет мурун
Чүй облусунун Аламүдүн районунун Восточное айылында 10-июлда болжолдуу саат 11:05 те милицияга коңшулар чатакташып жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге милициянын тергөө тобу жана ыкчам кызматкерлери барган.
Бул тууралуу Чүй облустук ИИБ билдирди.
Жеринде милицияга маалым болгондой, 10-июлда коңушлар суу талашып уруша кетишкен. Уруш мушташка айланган.
Мушташтан үч киши жабыркаган. Алар ата-бала, атасы М. К. 1953-жылы туулган, уулу М.М. 1984-жылы туулган жана мушташкандарды арачалаган 1989-жылы туулган К.Б.
Калган экөө амбулаториялык жардам алып, үйлөрүнө коё берилген.
Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренеси, бейбаштык боюнча катталган.
Кылмыш ишин жасоого шектелип 1979-жылы туулган Л.Р, 1982-жылы туулган Л.А. кармалган. Алардын бири- Л.А. Чүй облустук ооруканасына жатат. Л.Р. Токмоктогу убактылуу кармалуучу жайына киргизилди.
Муну улут аралык жаңжал деп атоого болбойт. Бул — суу талашкан коңшулар чатагы деп билдирди Чүй облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы.