​Түркияда кыргызстандык жаранды өлтүрүүгө шектүү кармалды

  • 5 лет мурун

1996-жылы туулган кыргызстандык жаран Муктарбек Иманалиевди Түркиянын Аланья шаарында өлтүрүүгө шектүү кармалды.

Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин маалымат департаменти билдирди.

Кылмышка шектүүлөр полиция тарабынан кармалган. Кыргызстандын жаранынын өлтүрүлүшү боюнча Аланья шаарынын прокуратурасы тарабынан кылмыш иши козголгон.

Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы консулдугу тарабынан маркумдун сөөгүн жөнөтүү маселеси талкууланып жатат. “Пегасус Азия” компаниясы менен “Стамбул-Бишкек” багыты боюнча сөөктү акысыз жеткирүү боюнча макулдашуу бар.

Сөөктү Стамбулдан Антальяга жеткирүү жана ритуалдык чыгымдар маркум иштеген компания тарабынан аткарылат.

Айта кетсек, 7-июлда белгисиз кишилер Аланья шаарында көчөдөн кыргызстандык Муктарбек Иманалиевди атып кеткендиги маалым болгон.

Сүрөттө: М. Иманалиев (Интернет булактарынан).

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты