​“Вольво” унаасын контрабанда менен алып келгендер аныкталды

  • 5 лет мурун

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы (Финполиция) кыргыз-казак чек арасынын “Ак-Тилек Автодорожный” постунан 2005-жылы чыгарылган кымбат баалуу “Вольво” машинасын контрабандалык жол менен алып келгендерди аныктады.

Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Текшерүү учурунда ал машина 2016-жылы алынып келинип, Ысык-Ата районунда жасалма документтер менен катталганы аныкталды.

Мыйзамга каршы келген бул иштен мамлекетке 1 млн сомдон ашык зыян келтирилген.

Бул факты Кылмыш-Жаза кодексинин 223-беренеси, экономикалык контрабанда боюнча катталды.

Сүрөт: Финпол басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты