​ ​Депутат Абжалиевдин уулу Темирлан Токобеков катышкан кырсык

  • 5 лет мурун

Ысык-Көлдө, Бактуу Долоноту айылына жакын жерде, 7-июлда таңга жуук БМВ Х7 унаасы менен “Лексус” кагылышкан.“Лексуста” бараткан төртөө тең бүгүнкү күндө каза болуп калган.

БМВ Х7 машинесиндегилер жаракат алган.

ИИМдин Жол коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгы БМВ Х7 машинесин 23 жаштагы айдоочу айдап бараткан, ал эми Темирлан Токобеков ал машинанын жүргүнчүсү болчу деп эсептейт.

Ал эми аварияда каза болгондордун туугандары рулда Темирлан Токобеков болчу деп айтышууда.

Темирлан Токобеков — Бишкек шаардык Кеңешинин депутаты, Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиевдин уулу. Депутат Алиярбек Абжалиев — Президент Сооронбай Жээнбековдун кудасы экени белгилүү.

Токобековду ошол замат Бишкекке, ооруканага алып кетишкендиги, травматология жана ортопедия борборунда дарылап жатышканы белгилүү болду.

Кырсык болгон жерге барган милиция кызматкерлери машинедеги видео регистратордогу жазууну өчүрүп киришкендигин да каза болгондордун туугандары айтууда.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты