​Чек арадан документи жок модулдук үйлөрдү ташуу аныкталды

  • 5 лет мурун

Cалык кызматынын кызматкерлери кыргыз-казак чек арасында жайгашкан «Ак-Тилек автожолу» көзөмөл-өткөрмө пунктуна жакын жердеги транспорттук көзөмөлдөө, товарды эсепке алуунун убактылуу пунктунан модулдук үйлөрдү ташып келүүнү аныктады.

Атап айтканда, Россиядан жалпы аянты болжол менен 80 чарчы метр модулдук үйдү тийиштүү эмеректери менен алып келе жаткан автомашина кармалды.

Товар ээсинин салыктык каттоо жөнүндө маалымкаты, коштомо кагазы жок болгон. Транспорттук коштомосу CMR гана болгон.

Автомашина айып салуучу аянтка токтотулду.

Аталган факты боюнча материалдар мыйзамга ылайык андан аркы иш-чараларды көрүү үчүн Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына өткөрүлүп берилди.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты