​Коррупция менен күрөшүүдөн түшкөн каражаттан мектептерди куруу башталды

  • 5 лет мурун

2019-жылы Чүй облусундагы, Бишкек жана Ош шаарларындагы 15 мектепкке кошумча корпустарды куруу үчүн 799,3 млн сом бөлүндү.

Финансылык каражаттар коррупцияга каршы күрөшүү боюнча Бирдиктүү депозиттик эсептен бөлүнүүдө.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Июль айынан тартып, бирдиктүү депозиттик эсептен каржылоо ачылган. Биринчи траншы 15 млн сомду түзөт.

Келечекте каражаттар орто окуу жайлары жетишпеген республиканын бардык аймактарына багытталары айтылды.

Президент коррупция менен күрөшүүдөн түшкөн каражаттар үчүн атайын эсеп ачуу жөнүндө буйрукка 2018-жылдын 16-майында кол койгон, ошол эле жылдын июнунда Бирдиктүү депозиттик эсеп ачылган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты