Индира Абдылдаева жардам сурады

  • 5 лет мурун

Молдакун Абдылдаевдин кызы Индира апасынын жана инисинин сөөгүн издешип койгула деп коомчулуктан жардам сурады.

Куткаруучулулар жана коомчулуктан жүздөн ашык киши издөөгө тартылган, бирок кишилер жетишпей жатканы айтылууда.

Активисттер Индиранын социалдык түйүндөрдө жазганын мисал келтиришти:

«Бир заматта мен эң жакын кишилеримден айрылып калдым. Алгачкы күндөгү издөөдө атамдын, атамдын айдоочусунун жана кызым Сафиананын сөөгү табылган. Бирок куткаруучулар жана өз эрки менен келип издеп жаткандар апам менен инимдин сөөгүн таппай жатышат.

Тилекке каршы издөө аянты абдан чоң, бүгүнкү күнү кишилер жетпей жатат. Суунун деңгээли түшүп калды, жээктин баарын карап чыгыш керек болууда» деп жардам сурады Индира.

Бүгүнкү күнү Көкөмерен суусунан сөөктү ищдешүүгө өз эрки менен жардам берчүлөр топтолууда.

Активист Надежда Хохлова жардам көрсөтүү үчүн качан, кайда баруу керектгиин бул телефондон билүүгө болорун айтты :

  • Тимофей:+996 (555) 459 595
  • Людмила: +996 (552) 358 896
  • Виктория: +996 (777) 339 999

Айта кетсек, 30-июнь күнү Өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппарат жетекчиси Молдакун Абылдаев Ат-Башыдан Суусамырга жубайы, уулу, небереси жана айдоочусу менен унаада бара жатып, Көкөмерен суусуна түшүп кетип, каза тапкан.

2-июлда Молдакун Абдылдаев менен анын 8 жашар небереси Сафиананын сөөгү табылган жана жерге берилген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты