​Кыргыз-казак чек арасынан мыйзамсыз товар ташыгандар кармалды

  • 5 лет мурун

КР Салык кызматы Кыргыз-казак чек арасынан жыгач материалдарын, Herbalife продукциясын жана айымдардын кийимин мыйзамсыз ташып келгендерди аныктады.

Бул тууралуу Салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Алар дем алыш күндөрү, 6-7-июлда, кыргыз-казак чек арасында жайгашкан көзөмөл-өткөрмө пунктуна жакын жердеги транспорттук көзөмөл жана товарларды эсепке алуунун убактылуу пунктунан кармалды.

Товарлар ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден алынып келе жаткан.

Алсак, «Ак-Тилек автожолу» көзөмөл-өткөрмө пунктунан 35 куб.м. жыгач материалын ташып келе жаткан автомашина кармалган. Айдоочуда коштоочу документтер жана товарларды алып келүү үчүн салыктык каттоодон өткөндүгү жөнүндө салык органынын маалымкаты болгон эмес.

“Чалдовар автожолу” көзөмөл-өткөрмө пунктунан чек ара кызматынын кызматкерлери менен биргеликте 126 куту парфюмерия жана 53 куту Herbalife продукциясын ташып келүү фактысын аныкташкан. Товарды коштоочу кагазы жок ташып келишкен.

Мындан тышкары, “Ак Жол” көзөмөл-өткөрмө пунктунан товарга тийиштүү коштоочу документтери жок 500 даана айымдардын жемперин ташып келген автоунаа кармалды.

Ар бир факты боюнча материалдар мыйзамга ылайык андан аркы иш-чараларды көрүү үчүн Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү кызматына берилди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты