​Тажикстанда камактагы он төрт киши нанга ууланып каза болду

  • 5 лет мурун

Колонияга алып бара жатканда берген нандан Тажикстандын түштүгүндө камактагы он алты киши ууланып, он төртү каза тапты.

Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.

Өлкөнүн Жаза аткаруу кызматы билдиргендей, камактагы 120 эркек жана 8 аялды Худжанд жана Истаравшан шаарынан Дүйшөмбү жана Нурек шаарларына жазаны андан ары өтөш үчүн алып бара жатышкан.

Дүйшөмбүгө жакын, Варзаб районунун Майхура деген жерден камактагылардын бири аларга үч бөлкө таратып берген. Жарым сааттан кийин аны жеген 16 соттолуучу кусуп, башы айланып, эсинен танган. Алардын экөөнү гана аман алып калүүүга мүмкүн болду, 14 ү каза тапты.

Судмедэкспертиза дайындалып, иш баш прокурор Юсуф Рахмондун көзөмөлүндө болууда.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты