Мыкты окуган бүтүрүүчүлөргө алтын сертификат тапшырылды

Бүгүн, 8-июлда, Президент Сооронбай Жээнбеков мектепти мыкты окуп-бүтүргөндөргө алтын сертификат тапшырды.

Быйылкы жылдагы жалпы республикалык тестирлөөдө алтын сертификат жана эң жогорку балл алгандардын 57 пайызы аймактардын бүтүрүүчүлөрү экенин мамлекет башчы белгиледи.

Бирок бүтүрүүчүлөрдүн 38 пайызы жогорку окуу жайына өтүүгө зарыл болгон босогонун деңгээлинен өтпөй калды.

Ошол эле учурда өлкөбүздүн билим берүү системасын каржылоо деңгээли — ички дүң продукциянын 6 пайызын түздү.

Бул прогрессивдүү билим берүү системасы бар Финляндия, Малайзия, Франция, Эстония мамлекеттеринин деңгээлинде болду.

Келечекте, тестирлөөнүн жыйынтыктарын билим берүүгө кеткен мамлекеттик чыгымдардын натыйжалуулугун көрсөткөн индикатор катары кароого болорун мамлекет башчы кошумчалады.

«Ошондой эле тестирлөөнүн жыйынтыктарын мугалимдердин эмгек акысын кароодо эске алуу абзел» деди Президент.

Сүрөттөр: Президенттин басма сөз кызматы.


Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты