​Жээнбеков: “Дарыгерлик — асыл, ардактуу кесип”

  • 5 лет мурун

Кыргызстанда июль айынын биринчи жекшембисинде медицина тармагынын кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленет. Быйылкы жыл ал күн 7-июлга туура келет.

Президент Сооронбай Жээнбеков саламаттык сактоо кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

—Урматтуу саламаттык сактоо тармагынын кызматкерлери!

Сиздерди медицина кызматкеринин күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Дарыгерлик жан дүйнө тазалыгын талап кылган, эң асыл, гумандуу жана ардактуу кесип.

Сиздер ооруга кабылып, кыйналган адамдарга үмүт тартуулап, алардын саламаттыгы үчүн кам көрөсүздөр.

Кыргызстан наристелер өлүмүн үчтөн экиге кыскартып, миң жылдыктын өнүгүү максатына жетишкен 62 өлкөнүн бири болду.

Бирок алдыда жасала турган иштер али көп.

Биздин милдет — саламаттык сактоонун бардык чөйрөлөрүнө санарип технологиясын кеңири киргизүү. Жашаган жерине жана социалдык абалына карабастан, калктын бардык катмарларын медициналык тейлөө менен камсыз кылуу.

Жакынкы жылдарда ар бир адамды, ар бир үй-бүлөнү үй-бүлөлүк дарыгер жана медайым менен камсыз кылуу зарыл. Бул максатка жетүү үчүн өзгөчө айылдарда ФАПтардын жана үй-бүлөлүк медицина борборлорунун саны көбөйтүлөт. Алар сапаттуу жана заманбап жабдуулар менен камсыз болот.

Оору-сыркоолордун алдын — алуу иштерин кеңири жайылтуу керек. Сергек жашоо образы, дени сак муунду тарбиялоо мамлекеттик идеологиянын ажырагыс бөлүгү болуп калууга тийиш.

Мамлекет дарыгерлерди даярдоо жана алардын адистигин жогорулатуу, татыктуу жашоосун камсыздоо, дарыгерлик кесиптин социалдык жагымдуулугун арттыруу үчүн ар дайым камкордук көрөт.

Кымбаттуу саламаттык сактоо тармагынын ардагерлери, бардык ак халатчандар, элибиздин дени сак, келечеги кең болуусуна арналган ак эмгегиңиздер үчүн сиздерге ыраазылык билдирем.

Баарыңыздарга чың ден соолук, бакыт-таалай, бакубат турмуш, ишиңиздерде албан ийгиликтерди каалайм!» деди мамлекет башчы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты