Нурсултан Назарбаевди туулган күнү менен куттуктоо

  • 5 лет мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6-июлда, Казакстандын туңгуч президенти — элбашы Нурсултан Назарбаев менен телефон аркылуу сүйлөшүп, туулган күнү менен куттуктады.

Жээнбеков Назарбаевди туулган күнү менен куттуктап, ага бекем ден соолук жана узун өмүр каалады.

Анын эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди чындоого кошкон зор салымын белгиледи.

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев 19-мартта бийликтен кеткендигин жарыялаган.

Нурсултан Абишевич дээрлик отуз жыл бою Казакстанды башкарган.

Нурсултан Назарбаев «Нур Отан» партиясынын лидери жана Коопсуздук кеңешинин төрагасы бойдон калды.

Сооронбай Жээнбеков «Нурсултан Назарбаев биздин замандын көрүнүктүү саясий жана мамлекеттик ишмери, реформатор, аймактагы интеграциялык процесстин куруучусу, улуттук гана эмес, дүйнөлүк деңгээлдеги инсан экенин» белгилеген.

Казакстан Борбордук шайлоо комиссиясы мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоонун болжолдуу жыйынтыктарын 10-июнда жарыялаган. Касым-Жомарт Токаев 70,76 пайыз добуш менен алдыга чыгып президент болуп шайланган.

30-мартта Казакстандын борбору Астана шаары Нурсултан Назарбаевдин урматына «Нурсултан» деп өзгөртүлгөн.

Нурсултан Назарбаевдин турмушундагы айрым көрүнуштөр тууралуу бул шилтемеден окуңуздар.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты