Молдакун Абдылдаевдин сөөгү бүгүн жерге берилет

Сооронбай Жээнбеков, Дастанбек Жумабеков, Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган кыргыз бийлиги жана замандаштары Молдакун Абдылдаевдин кыздарына, бир туугандарына көңүл айтууда.

Молдакун Абдылдаев 1960-жылдын 22-августунда Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ат-Башы айылында төрөлгөн.

1982-жылы К.Скрябин атындагы айыл чарба институтун аяктап, ветврач адистигине, ал эми 1988-жылы Ж.Баласагын атындагы КМУУну бүтүрүп, укук таануучу-юрист адистигине ээ болгон.

Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы кеңешчиси, Россиянын чек ара кызматынын подполковниги болгон.

Ал 2014-2018-жылдары КР Президентинин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү болгон.

Акыркы мезгилде Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппарат жетекчиси кызматын аркалап келген.

“Молдакун Абдылдаев жан дүйнөсүнүн байлыгы, бийик адамгерчилиги менен дайыма айырмаланып турчу. Аны кесиптештери элибиздин нарк-насилин, салт-санаасын жакшы билип, аздектеп сактаган адам катары билишчү. Ал мекенчил, чынчыл, боорукер жана эмгекчил инсан эле” деп айтылат некрологдо.

Маркум Молдакун Абдылдаевди жана анын небереси Сафиананы акыркы сапарга узатуу зыйнаты 2019-жылдын 6-июлунда эртең мененки саат 10 до Бишкек шаарынын Кара-Жыгач жаӊы конушунда (Оберон жана Л.Толстой көчөлөрүнүн кесилишинде) өтөт.

Молдокун Абдылдаев, анын жубайы, уулу, жээн небереси жана айдоочусу болуп 30-июнда Ат-Башыдан Суусамырга келе жатып, Көкөмерен суусуна унаасы менен түшүп кетип каза тапкан.

Аларды куткарууга 100 дөн ашык киши тартылып, Молдакун Абдылдаевдин жана айдоочусунун сөөгү 2-июлда табылган, андан кийин жээн небересинин сөөгү табылган. Аялы менен уулунун сөөгү табыла элек.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

«ПолитКлиника» медиасы Молдакун Абдылдаевдин кыздарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын бөлүшөт.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты