ЖК төрагасы Дастанбек Жумабеков Зайырбек Ажыматовдун ырына «рейдерлик» кылдыбы?

  • 5 лет мурун

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков 3-июлда V сессиянын жыйынтыктары тууралуу басма сөз жыйынында журналисттин суроосуна жооп берип жатып, төрт сап ыр айтып, «балким мен автормун» деп кошумчалаган. Бирок төрага окуган ырдын автору белгилүү акын Зайырбек Ажыматов болуп чыккан.

Зайырбек Ажамытов фейсбук баракчасында минтип жазган:

«Өйдөдөгүлөр, Дастан мырзага айтып койгулачы, ырды бузбай окусун! Анан ырга «рейдерлик» кылганды койсун. Ал айткан саптардын автору- менмин. Аны 2003-жылы Дастакеңдин дайыны жок кезде жазгам.

Мен кыргызмын!

Мен кыргызмын — сатылбаган, сатпаган!
Мен кыргызмын — баба наркын сактаган!
Ата Журтка жасасам деп бир эмгек
Ар күн сайын «Чоң казатка» аттанам.

Мен кыргызмын — асман-жерге жашташмын!

Эзелкимин, келечекмин, максатмын.

Кылы дагы кыйшайганын каалабайм.
Кырчылдаган «Кыргыз» деген жакшы аттын!

Мен кыргызмын — түгөнөрдө түтөгөн!
Мен кыргызмын — жок болордо күчөгөн!
Мен кыргызмын — тарыхым бар,тилим бар.
Мезгилдердин ой-чуңкурун түзөгөн.

Мен кыргызмын — жөнөкөймүн, улуумун!
Мертинтпеген эчен азап, улуу муң.
Кылымдарга улап кетер эл көчүн
Кыргызмын мен, эр Манаска муунмун!- аттуу Зайырбек Ажыматовдун ыры.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты