​Экс-прокурор Салянованын бөгөт чарасын өзгөртүү арызы каралат

  • 5 лет мурун

Бүгүн, 5-июлда, Бишкек шаардык сотунда экс-баш прокурор Аида Салянованын бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча доо арызы каралат.

Бул тууралуу анын тарапташтары жана адвокаты Рабига Сыдыкова билдирди.

21-июнда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Аида Салянованын баш коргоо чарасын карап, аны 26-августка чейин камакта калтыруу чечимин чыгарган.

Бул чечимге каршы анын адвокаты доо арыз жазган.

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу экс-баш прокурор Аида Салянова 4-июнда камакка алынган.

15-июнда Аида Салянова ооруп калгандыгына байланыштуу №1 тергөө абагынан Миррахимов атындагы улуттук кардиология борборуна жаткырылган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты