Мурдагы президент Атамбаев бийликтин отставкасын талап кылды

  • 5 лет мурун

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана анын тарапкерлери Бишкектеги «Медиа Форум» имаратынын алдында президент Сооронбай Жээнбековдун бийлигине каршы митингге чогулушту.

Митингдү Алмазбек Атамбаев өкмөттүн отставкасын талап кылды.

-Эң башкы нерсе элдин биримдиги. Кой-Ташта мени коргоонун кереги жок. Андан көрө куугунтукка кабылган жаш балдарды коргогула. Бакиевдер азыр кол чаап сүйүнүп, Жээнбековдорго рахмат айтып жатышса керек.

Ошол 7-апрель болбосо, Жээнбековдор бийликке келет беле?»,-деди Атамбаев.

Азыр биз бийликке үч талап коебуз:

1. Парламент тарасын, чукул шайлоо өткөрүлсүн.

2. Элдик өкмөт түзүлсүн.

3. Күнөөсүз балдарды кармап аткан Коррупцияга каршы кызматтын, УКМКнын жетекчилери өздөрү жоопко тартылсын.

«Сооронбай, от менен ойноп атасың. Элди бөлүп аласың. Кыргызстандын келечегин ойлойлу» деп сөзүн жыйынтыктады Атамбаев.

Эгер эки ай ичинде талап аткарылбаса, массалык митингдер башталарын эскертишти.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты