​Екатеринбургда атылган маркум кыргыз диаспора жетекчисине экспертиза дайындалды

  • 5 лет мурун

Россиянын Екатеринбург шаарында кыргыз диаспорасынын башчысы Камчыбек Каримовду атып кетишти. Бүгүн, 3-июлда экспертиза дайындалган.

Окуя 2-июлда күндүз саат үч-төрттөрдө жеке ишкер Каримов жашаган үйдүн жанында болгон. Кылмышкерлер маркумдун сумкасынан акчасын алып, из жашырганы айтылууда.

Полиция кылмыш ишин козгоп, тергөөчүлөр окуянын чоо-жайын иликтеп жатат. 3-июлга медициналык экспертиза дайындалган.

Камчыбек Каримов 2012-жылдан бери Екатеринбургдагы кыргыз диаспорасын башкарып келет. Маркумдун жубайы жана үч баласы бар.

Бул кылмыш иши боюнча Россия полициясы иликтеп жатат.

Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин өкүлү Гүлбарчын Байымбетова иш көзөмөлгө алынып, Екатеринбургдагы консулдук иштеп жатканын билдирди.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты