​Кылычбек Султан УКМКга суракка чакырылды

  • 5 лет мурун

Түштүк Кореядагы экс-элчи Кылычбек Султан Улуттук Коопсуздук Комитетине суракка чакырылды.

Бул тууралуу адвокат Таалайгүл Токтакунова билдирди.

Адвокаттын айтымында, Кылычбек Султанды суракка эмнеге чакырганы белгисиз.

“Мыйзам боюнча укук коргоо органдары суракка чакыруунун себебин билдириш керек. Алар себебин айтпай эле колуна чакыруу кармата салышкан” деди адвокат.

УКМК басма сөз кызматы анын мурда козголгон кылмыш ишке күбө катары чакырылганын айткан.

Түштүк Кореядагы экс-элчи Кылычбек Султандын мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үйүнө барганы социалдык түйүндөрдө кабарланган.

Сүрөт: Социалдык тармактан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты