Икрамжан Илмияновдун иши тергелип бүттү

  • 5 лет мурун

Улуттук Коопсуздук Комитетинин Тергөө башкы башкармалыгы тарабынан Икрамжан Илмияновго козголгон кылмыш ишин тергөө аягына чыкты.

Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Икрамжан Илмиянов алдоо менен 150 миң АКШ долларын мыйзамсыз ээлеп алды деп шектелүүдө.

2019-жылдын 10-июнундагы тергөөнүн жыйынтыгында Икрамжан Илмиянов Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренеси, өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык боюнча кылмыш жасагандыгы тууралуу маалымдалып, тергөө аягына чыккандыгы жарыяланды.

Илмияновго козголгон кылмыш ишинин материалдары жоопко тартуу актысын бекитүү жана андан ары ишти сотко өткөрүү үчүн Баш прокуратурага жиберилди.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин экс-кеңешчиси Икрамжан Илмиянов өткөн жылдын 20- октябрында УКМКнын тергөө абагына камалган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты