​Атамбаевдин соңку кадамдарына ой-пикириңиз кандай? Сурамжылоо

Мурдагы презиент Алмазбек Атамбаев Кой-Таштагы үйүндө “Элдик штаб” түзүп, “Мени камаганы келгендерден курал менен коргоном” деди. Эртең, 3-июлда, митинг өткөргөнү жатат. Ушундан улам мурдагы президенттин бул кадамдары боюнча сурамжылоо жүргүздүк.

Айнуру Алтыбаева, Жогорку Кеңештин депутаты:

“Бул- башаламандыктын башталышы”

-Азыр Кыргызстандын мамлекеттүүлүгү деген маселе турат. Өлкөбүздун келечегин ойлогон саясатчылар көп болсо дейт элем. Атамбаев мурдагы президент катары Кыргызстандын келечегин ойлошу керек эле.

Бир гана экс-президент эмес, министрлер, депутаттар-баары өлкөнүн келечегин ойлошу керек.

Негизи биздин эл көп нерсени башынан өткөрдү. 2005-2010-жылдардагы революция, 1990-2010-жылдардагы улуттар аралык араздашууларды. Ошондуктан акылман элибиз жаман нерселерге жол бербейт деп ойлойм.

Исхак Масалиев, ЖК депутаты:

“Бул-мамлекетке, тергөөгө баш ийбегендик”

-Бул — мамлекетке, тергөөгө баш ийбегендик. Анда эртең жөнөкөй эл деле “МАИге ишенбейм” деп токтобой өтүп, “сотко ишенбейм” деп келбей коюшу мүмкүн.

Экс-президенттин өзгөчө жоопкерчилиги бар. Ал элди ынтымакка чакырып турушу керек болчу. Ал эми “Баш ийбейм, курал менен коргоном” дегендери туура эмес. Бул — башаламандыктын башталышы.

Өзү ишенбеген соттордун 99% ын убагында өзү дайындаган. Анан дагы тергөөнүн башталганы сөзсүз камалат дегенди билдирбейт. Эгерде мыйзам бузган болсо, жоопкерчиликке тартылышы керек. Эгерде мыйзам бузбаса, акталат.

Биз аны соттоп салган жокпуз да. Болгону тергөөгө мүмкүнчүлүк түзүп бердик. Эгерде сотторго ишенбесе, анда 6 жыл ичинде сот реформасын неге жүргүзгөн жок?

Эгерде өзүн күнөөсүз десе, анда Жогорку Кеңеш маселе карап жатканда жыйынга келиши керек болчу. Ал эми “баш ийбейм” дегени таптакыр туура эмес.

Жумагазы Садыр уулу, коомдук ишмер:

“Атамбаевдин кийинки кадамдарын туура деп ойлойм”

-Атамбаевдин кийинки кадамдарын туура деп ойлойм. Сокур эмес киши көрүп эле жатпайбы, азыркы бийликтин кайда бара жатканын. Атамбаев баарын түшүнүктүү эле айтып жатат.

Азыр колунан келсе-келбесе да туугандарын бийликке алып келип жатышпайбы. Атамбаевдин тушунда түндүк-түштүк деген маселени унутуп калган элек.

Элвира Сурабалдиева, ЖК депутаты:

“Атамбаев үлгү болушг керек эле”

-Атамбаевдин бул кадамдарын туура эмес деп ойлойм. Бизге, жаштарга үлгү болушу керек эле. 25 жылдан бери саясатта жүргөн аксакал катары ушундай иштерди жасап жатканына аябай кейип, уялып жатам.

Мен 2005-жылы КСДПга жаңы мүчө болуп киргенде, партиянын урааны элдин тынчтыгы үчүн эле. Өзүм дагы убагында жер-жерлерди кыдырып, КСДП элдин биримдиги үчүн деп үгүттөп жүрдүм эле.

Эми ортодо элди экиге бөлгөнү кейитпей койбойт. Элдин артына жашынып алганы туура эмес. Биздин эл да — боорукер. Күнөөсү барбы жокпу, билбесе деле аяй беришет. 2005-жылы Курманбек Бакиев качып барып, Тейитте аялдардын артына жашынганда аны Алмазбек Шаршенович деле жактырбагандыр.

Бир канча саясатчы соттолуп жатканда мыйзам алдында баары бирдей деп өзү айтты эле. Кыргызстанды саясаты регресс болуп жатат. Жаңы муун келип эле оңдоп кетпесе. Ал эми Алмазбек Шаршеновичтин элди курал катары колдонгону таптакыр туура эмес.

Аида Исмаилова, ЖК депутаты:

“Бизге стабилдүүлүк керек”

-Ал киши буга чейин өлкөнү жетектеди. Жөнөкөй элге үлгү болушу керек болчу. “Бардык нерсе мыйзамдын негизинде каралат” деп баш прокурор деле айтпадыбы.

Ар кандай ыкмалар менен тоскоолдук жаратууга аракет жасап жатканына терс көз караштамын. Ал жөнөкөй чиновник болгон эмес, өлкөнү жетектеген киши. Аны башка мамлекеттер дагы тааныйт.

Ошондой статустагы кишинин ушундай иштерди жасаганы туура эмес деп ойлойм. Бизге стабилдүүлүк керек. Учурда коррупция менен күрөш башталып, ага карата ар кандай митингдер уюштурулуп жатат.

Мындай саясий чечимдер Кыргызстанда биринчи жолу кабыл алынып жатат. Мурда коррупцияга малынган чиновниктер кайра эле келип отуруп алышчу.

Атамбаев дагы тергөөнүн жыйынтыгын күтүп, тоскоолдук кылбай, эркин көрсөтүп митинг уюштурбай эле койсо болмок. Эл менен жолугушууларда деле айтып жатышат, элди, элдин стабилдүүлугүн ойлосо, ал митингге барбашы керек деп.. Ал өзү элди биримдикке чакырыш керек эле.

Марс Сариев, политолог: “Кан төгүүгө жол бербеш керек”

-“Соке болбой калды” деген ураан менен митинг өткөргөнү туура эмес. Балким элге эффект берүү үчүн ушундай деп койгондур.

Азыр Атамбаевди эл колдоп турган убагы. Бирок ал бир-эки жумада басаңдайт. Ошол учурдан пайдаланып калайын деп жатат да. Эл колдоп турганда абалдан пайдаланып, курчутканга аракет жасоодо.

Азыр 2005-2010-жылдардагыдай революциялык маанай жок. Андай элди чогултуп чыга албайт. Бирок колдогу ресурсту топтоп, митингге аракет кылып жатат окшойт.

Менимче, митингге 1000дей киши чыгышы ыктымал. Ал жакта чагымчылар да болушу мүмкүн. Түлеев дагы чыгам деп жатат. Эгерде экөөнүн ортосунда тирешүү болуп кетсе, кан төгүлүшү мүмкүн.

Мурдагы бийлик менен азыркы бийликтин тирешине кримчөйрө, сырткы күчтөр, чоң мамлекеттер дагы оюндарын киргизип кетишин күтсө болот . Ошону эске алып, бийлик чагымчылдыкка алдырбашы керек.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты