Түлеев Атамбаевди мыйзам чегинде жоопко тартуу боюнча элдик штаб түзөт

  • 5 лет мурун

Бишкек шаарынын экс-мэри Нариман Түлеев мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартуу боюнча штаб түзөт.

Бул тууралуу Түлеев фейсбук баракчасына жазды.

Элдик штабдын түзүлүшүндө саясий өңүт жок экендигин, эч бир тарапка тартпай турганын, максаты мыйзамдуулукту талап кыла тургандыгын белгиледи.

-Бул штаб эч кандай саясий боёкко ээ эмес, эч бир тараптын кызыкчылыгын коргобойт. Биз Сооронбай Жээнбековдун бийлигин колдобойбуз жана Алмазбек Атамбаевге да каршы эмеспиз.

Биз мыйзамдын духу жана тамгасы сакталышын каалайбыз. Штабдын ишмердүүлүгү саясатташпайт жана мыйзамды сактоого гана багытталат.

Атамбаевдин катачылыгын далилдеш үчүн штаб анын резиденциясына тынчтык жүрүш жасайт, аны мыйзам чегинде иш алып барууга чакырат, — деди Түлеев.

Айта кетсек, Жогорку Кеңештеги Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча талкууда Атамбаев шайлоо кампаниясында Нариман Түлеевден 500 миң доллар карыз алгандыгы айтылган.

Баш прокурор Өткүрбек Жамшитов бул алардын жеке иши экендигин, бул маселени мамлекеттик иштерге аралаштырбаш керек экенин эскерткен.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты