Отунбаева: «Атамбаев коомго бүлүк салуучу тренддерди киргизүүнү жакшы билет»

  • 5 лет мурун

Экс-президент Роза Отунбаева мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин акыркы аракеттерин айыптап жана укуктук талаада күрөшүүгө чакырып билдирүү таратты.

Билдирүүдө Роза Отунбаева парламенттин 40 депутатынын Алмазбек Атамбаевди айыптоосу жана Жогорку Кеңештин аны экс-президенттик статустан ажыратуу чечимин 2016-жылдын ноябрь айындагы Өмүрбек Текебаевдин президентке импичмент жарыялоо аракетинин логикалык жыйынтыгы экенин белгиледи.

Алмазбек Атамбаев парламентти оозго алгыс сөздөр менен айыптап, атайын эл арасында жаманатты кылуу аракетин жасап жатат деп айыптады.

“Алмазбек Атамбаевдин бир чеберчилигин белгилебей кетүүгө болбойт, ал коомго бүлүк сала турган, конфронтацияны, элдешпестикти жана радикализмди күчөтө турга эң төмөнкү түшүнүк менен тренддерди киргизүүнү жакшы билет” деди Роза Отунбаева.

Экс-президент Отубаева Атамбаевди Текебаевдей, Армениянын президенти Роберт Кочеряндай укуктук талаада күрөшүүгө чакырды.

«Ушул эле тергөөчүлөр, прокурорлор жана соттор менен өзү куугунтукка алган атаандаштарына, митинг өткөрбөй, өзүнүн актыгын сотто далилдөөгө ал өзү чакырып келген эмес беле? Саясий буйрук менен камакка алына турганын билип туруп, өзүнүн атынын актыгы үчүн күрөшүү үчүн Өмүрбек Текебаев Кыргызстанга келбеди беле?

Аз күн мурдараак Армениянын президенти Роберт Кочарян үчүнчү жолу камакка алынып, бирок күнөөсүн мойнуна албаганына карабай, соттун чечими чыккандан кийин тергөөгө өз ыктыяры менен келди.

Ал муну атаандаштары менен тарапташтарын кагыштырууну жана араң жеткен туруктуулукту бузуп алууну каалабай турганы менен түшүндүрдү.

Мына, саясий лидерлердин жоопкерчилиги жана инсандын духунун бекемдиги. Алмазбек Атамбаев ушул саясатчыларды үлгү тутуп, өзүндөгү коомго болгон сый мамилени ойготсо болмок. Ошондо коом да ага карата кылмыш ишин жарандык көзөмөлгө алмак», — деди экс-президент Роза Отунбаева.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты