Депутаттар оркестрдин коштоосу менен күзгө чейин каникулга тарады

  • 5 лет мурун

Кечээ, 27-июнда өткөн жыйыны менен, VI чакырылыштагы Жогорку Кеӊештин V сессиясы өз ишин аяктады.

Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин төрагасы Дастанбек Жумабеков жыйын соӊунда расмий жарыя кылды.

Жогорку Кеӊештин төрагасы депутаттар сессия мезгилинде кыйла алгылыктуу иштөө менен, өлкөнүн мыйзамдык базасын чыӊдоого жана өркүндөтүүгө салым кошкону үчүн эл өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирди.

Жогорку Кеӊештин регламентине ылайык, кыргыз парламентинин депутаттары 1-июлдан тартып өлкө аймагындагы шайлоочулар менен жеринде иш алпарышат.

Ал эми август айында эмгек өргүүсүндө болушмакчы.

Жогорку Кеӊештин келерки сессиясы, мыйзам талабына ылайык, сентябрь айынын алгачкы жумушчу күнүндө өз ишин баштоого тийиш.

Сүрөттөр: Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты