​Алмазбек Атамбаев: “Укуктук талаадан чыгып кеттик”

  • 5 лет мурун

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңеш тарабынан экс-президенттик статустан ажыратылгандан кийин Кой-Ташта чогулган тарапташтары менен жолугушуп, журналисттердин суроолоруна жооп берип, бул бийликтин тушунда бир жыл мурун укуктук талаадан чыгып кеттик деп айтты.

-Биз бир жыл мурун укуктук талаадан чыгып кеттик. Тилекке каршы бул бийликтин учурунда биз ага кайрылып барбайбыз. Бул бийлик өзүнүн кишилерин жактайт, жакпаган башкаларды кандай да болбосун, күнөө таап, камайт, — деди Атамбаев.

Ошондой эле ал өлкөдөн качпай турганын да айтты.

Ал эми Сооронбай Жээнбековдун легитимдүү президент экендиги шек жаратарын билдирди.

Жогорку Кеңеш бүгүн, 27-июнда, Алмазбек Атамбаевди экс-президенттик статустан ажыратуу боюнча токтом кабыл алды.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты