​Депутат Мадеминов: «Экс-президенттин укугу корголбогон өлкөдө жөнөкөй калктын укугу такыр корголбойт»

  • 5 лет мурун

Экс-президенттин укугу корголбогон мамлекетте жөнөкөй жарандардын укугу такыр корголбойт. Бул туурасында бүгүн, 27-июнда, Жогорку Кеңеште Алмазбек Атамбаевди экс-президенттик статустан ажыратуу маселесин кароо учурунда депутат Мурадыл Мадеминов билдирди.

Баш прокурор Өткүрбек Жамшитовдун Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигин алуу тууралуу корутундусун уккандан кийин депутат Мадеминов минтип кайрылды:

—Сиздин докладыңыздан кийин мамлекет демократия жолунан толугу менен чыгып баратканын түшүндүм.

Экс-президенттин Конституцияда жазылган укуктарына карабастан, анын талкаланып жаткан мамлекетке кошкон эбегейсиз эмгегин эсепке албастан ушунча айып койгондон кийин бул мамлекетте жөнөкөй калктын укугу такыр эле корголбосун түшүндүм.

Менин айтаарым, убакыт өтөт, парламент, президент алмашат, жаңы келген парламент, президент бул темага кайра кайрылат» деди депутат.

Бүгүн Жогорку Кеңеш Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратты. Добуш берүү ачык өтүп, бардыгы 110 депутат катышты. Экс-президентти сатустан ажыратуу сунушун 103 депутат колдоп, 6 эл өкүлү каршы чыкты, бирөө добуш берген жок.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты