​Атамбаевдин тарапташтары парламентти айыптады

  • 5 лет мурун

Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө чогулгандар Жогорку Кеңештин жыйынын түз чагылдырууда көрдү.

Атамбаевдин тарапташтары Жогорку Кеңештин экс-президенттиктен ажыратуу боюнча токтому мыйзамсыз болгонун айтып жатышат.

Фархат Баабиев аттуу жаран чечимди «саясий буйрук» деп атады:

— Кол тийбестикти алуу жөнүндө чечим мыйзамсыз. Бул— саясаттагы буйрук. Ушундай болот деп эле сезгенбиз. Булардын азыркы бийликтин жүргүзүп жаткан иштерине каршы чыкчу жалгыз адам — Алмаз Шаршеновичти жок кылуу программасы 100% ишке ашты. Бирок, карапайым калк, буларга жол бербейли, -деди ал.

Мурдагы депутат Мээрбек Мискенбаев кеп Атамбаевде эмес экенин белгилеп, элди Кой-Ташка чакырып, адилетсиздикке каршы күрөшүүгө чакырды.

Бүгүн Жогорку Кеңеш Алмазбек Атамбаевди экс-президенттик статустан ажыратуу боюнча чечим кабыл алды.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты