​Жамшитов: “Экс-президенттик статусу алынса эле, Атамбаев дароо жоопкерчиликке тартыла калбайт”

  • 5 лет мурун

Прокурор Өткүрбек Жамшитов Алмазбек Атамбаевдин экс-президенттик статусу алына турган болсо, ал дароо эле кылмышка тартыла калбай турганын билдирди.

-Алмазбек Атамбаевдин экс-президенттик статусу алына турган болсо, ал дароо эле кылмышка тартыла калбайт. Биз аталган айыптар боюнча кылмыш белгиси бар деп гана айтып жатабыз.

Эгер Атамбаевге кылмыш иши козголсо, ал иштер боюнча тергөө амалдары жүргүзүлөт. Алмазбек Атамбаев суракка чакырылат, иликтөө жүрүшүндө айткан кишилер менен беттештирилет, — деди Жамшитов.

Депутат Тынчтык Шайназаров бул маселедеги иштин баары укуктук талаада болуш керек деди.

Өзгөчө оор кылмыш боюнча айып тагылса, Атамбаев канча жылга эркинен ажыратылат деп суроо бергенде, Баш прокурор коррупция беренеси боюнча Кылмыш-Жаза Кодексинде эски редакцияда 12-15 жылга чейин эркинен ажыратыла турганы, жаңы кодексте коррупция боюнча жаза жумшартылганын, 12 жылга чейин жазалана турганын билдирди.

Депутат Мирлан Жээнчороев саясий айыптар боюнча Алмазбек Атамбаев неге жоопко тартылбай турганын сураганда, Баш прокурор ал айыптоолор боюнча тергөө жүрүп жатканын билдирди.

Бүгүн, 27-июнда, Алмазбек Атамбаевди экс-президенттиктен ажыратуу маселеси каралууда,

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты