​Финпол бирдиктүү депозиттик эсепке 8 млн ашык сом которду

  • 5 лет мурун

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы (финансы полициясы) бирдиктүү депозиттик эсепке кезектеги 8 миллион 633 миң 465 сом өлчөмүндө акча которду.

Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын басма сөз борбору билдирди.

Бүгүнкү күндө, аталган кызмат тарабынан Бирдиктүү депозиттик эсепке которулган акча каражаттарынын жалпы суммасы 717 миллион 475 миң 57 сомду түздү.

БулЭкономикалык жана кызматтык кылмыштар жөнүндөгү жазык иштери боюнча мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруудан келип түшкөн акча каражаттары.

Сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүүнүн алкагында, ЭККМК тарабынан республиканын эң ири компанияларынын бири – “А.Т.” жабык акционердик коомго көрүлгөн чаралар менен казыналыктын органдары аркылуу жалпы суммасы 188 миллион сом салыктык карыз төлөнгөн.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты